Добавил:
Upload Опубликованный материал нарушает ваши авторские права? Сообщите нам.
Вуз: Предмет: Файл:
Азамат_Курманбеков_Дипломдук_Иш.docx
Скачиваний:
6
Добавлен:
01.07.2025
Размер:
4 Мб
Скачать
☆
    1. Колдонуучулар үчүн интернет-дүкөн

Колдонуучу – интернет мейкиндигинде белгилүү бир маселени же функцияны аткарган адам же болбосо уюм. Бирок биздин аймак интернет- маркетинг болгондуктан, колдонуучу - интернет аркылуу арзан жана ишенимдүү байланыш кура билүү мүмкүнчүлүгү жогоруу болгон адамдар.

Системада колдонуучунун ролю дагы абдан маанилүү. Колдонуучулар жок болсо администратордун деле кереги жок. Андан сырткары колдонуучулар интернет-маркетинг аймагында киреше булагы катары эсептелинет. Ошондуктан колдонуучуларды кызыктыртуу жана системага тартуу өтө манилүү.

4.3.1 Каттоо процесси.

4.6-сүрөт. Колдонуучуну каттоо формасы

Каттоону өтү зарыл процесс эмес. Интернет-дүкөндүн фукнцияларын баардык колдонуучу аткара алат. Бирок эгер колдонуучу каттоодон өтүүсүн каалаласа, ал эки этаптан өтүшү зарыл. Биринчиден, колдонуучу жогоруда көрсөтүлгөн формада тааларды толтурушу керек. Эгерде баардыгы туура толтурулса, колдонуучу жазган email адреске билдирме жиберилет. Ошо жиберилген билдирме далилдөө шилтемесин камтыйт. Шилтемеден өтүп колдонуучу катталган колдонуучу болуп эсептелет.

4.7-сүрөт. Колдонуучунун авторизация формасы

Жогоруда авторизация формасы көрсөтүлгөн. Эгер колдонуучу каттоодон өткөн болсо, логин жана пароль талаасын толтуруп, авториязациядан өтсө болот. Андан сырткары, авторизация форманын астында издөө формасы жайггашкан. Колдонуучу издеп жаткан дисктин атын билсе, ошол формага атын жазып таап алышы мүмкүн.

4.3.2 Каталог

4.8-сүрөт. Дисктердин каталогу

Жогоруда каталогтун көрүнүшү. Админ панельден киргизилген дисктин баары ушул жерден көрүнөт. Байкагандай эле, эгер курсорду дисктин үстүнө алып келсе “Заказать” жана “Подробности” шилтемелери пайда болот. “Заказать” шилтемесин басканда, тандалган диск кутучага кошулат. Ал жөнүндө кийинчерээк. Ал эми “Подробности” шилтемесинен өтсө, тандалган диск жөнүндө маалымат алса болот.

4.3.3 Заказ кылуу процесси

Колдонуучу керектүү дискти тапты, анан заказ кылгысы келди. Заказ кылыш үчүн, ал “Заказать” шилтемесин басат, анан 4.9 сүрөттө көрсөтүлгөн popup экранда пайда болот.

4.9-сүрөт. Диск кошулганын билдирген Popup2

4.10-сүрөт. Интернет-дүкөндүн кутучасы

Popup-тын пайда болуусу, диск кутучага кошулганын билдирет. Сүрөттө көрсөтүлгөндөй, popup кутучага өтүү шилтемесин камтыйт. Эгер биз кутучага өтсөк, ал жерде тандалган диск бар болот.

Кутучада колдонуучу тараптан тандалган дисктердин тизмеси. Ал жерде колдонуучу дисктердин санын көбөйтүп, азайтып, жана өчүрүп салышы мүмкүн. Андан сырткары колдонуучу кааласа тандоону улантып кетиши же болбосо заказды улантышы мүмкүн. Биздин учурда колдонуучу заказды улантууда.

4.11-сүрөт. Төлөм формасы

Бул формада сөзсүз түрдө баардык талаа толтурулушу керек. Колдонуучу өзүнүн жеке маалыматтарын жазып, сактоо баскычын басканда, администратордун почтасына билдирме келет. Администратор келген маалымат боюнча кардаар менен байланыш түзөт. Эгер заказ далилденсе, заказ курьерге айтылат, анан кардаардын адресине жеткирилет. Акы жеткирилгенде төлөнөт. Интернет дүкөндүн эң негизги мүмкүнчүлүктөру жогоруда айтылды жана көрсөтүлдү.