- •Аннотация
- •Мазмуну
- •Интернет дүкөн: иштөө принциби жана колдонулушу
- •Интернет дүкөндүн жалпы схемасы
- •Интернет аудитория
- •Интернет дүкөндүн функционалдык мүмкүнчүлүктөрү
- •Интернет дүкөндү иштеп чыгуу процесстердин фазалары.
- •Программалоо тилин тандоо
- •Колдонуулучу технологиялар
- •Долбоорлоо методун аныктоо
- •Модель – көрүнүш – башкаруу
- •Фрэймворк
- •Жалпы түзүлүш
- •Проекттин файлдык архитектурасы
- •Берилиштер базасы
- •Коддук реализация
- •3.4.1 Кутуча, BinController.Php
- •Интернет-дүкөндүн колдонуу көрсөтмөлөрү
- •Интернет дүкөндү башкаруу
- •Административдик панель
- •Колдонуучулар үчүн интернет-дүкөн
- •4.3.1 Каттоо процесси.
- •4.3.2 Каталог
- •4.3.3 Заказ кылуу процесси
- •4.3.4 Онлайн көрүү функционалы
- •Колдонулган булактар
- •Глоссарий
Интернет-дүкөндүн колдонуу көрсөтмөлөрү
Интернет дүкөндү башкаруу
Интернет-дүкөндү башкаруу - ал эмне?
Интернет-дүкөндү башкаруу эки негизги маселени билдирет:
товар жөнүндө маалыматты топтоп даярдоо жана жарялоо
заказ жөнүндө маалыматты кабыл алуу жана иштетүү
Бул маселелер интернет-дүкөндүн же болбосо ишкана башкаруу системанын каражаттары менен ишке ашырылат.
Ал эми жогорудагы маселелерди ким аткарышы керек?
Албетте интернет-дүкөндүн администратору. Эң башкы жана маанилүү рольду аткарган киши – администратор. Ар бир иштеп жаткан интернет-дүкөндүн администратору болушу зарыл же эч болбогондо анын функцияларын аткарган киши.
Администратордун функциялары:
дүкөндү колдоо(товар кошуу, өчүрүү, өзгөртүү)
кардаарлар менен катташуу(телефон же онлайн коммуникатор аркылуу)
заказдарды көзөмөлдөө(админ панель аркылуу)
заказдарды жеткирүүсүн көзөмөлдөө
кардаарлардын төлөөсүн көзөмөлдөө(чоң интернет-дүкөндөрдө муну бухгалтерия кылат, бирок биздин дүкөндө өзүбүз кылабыз)
Эң маанилүү рольду администратор экенин билдик. Бирок администратордон дагы сырткары рольдор бар. Алар колдонуучулар. Колдонуучу экиге бөлүнөт: катталган колдонуучу жана конок. Катталган колдонуучу кошумча мүмкүнчүлүктөргө ээ. Мисалы, комментарий калтыруу. Бирок заказды баардык колдонуучу кыла алат.
Административдик панель
Товарларды,
фильмдерди жана трейлерлерди кошуу
администратор аткарат. Негизи ушу
амалдарды аткарыш үчүн админ панель
колдонулат. Административдик панельге
жалаң гана администраторлор кире алышат.
4.1-сүрөт. Административдик панельге кирүү формасы
Жогоруда көрсөтүлгөн форма жалаң гана администратор үчүн. Администратор логин жана паролюн жазып, админ панельге өтөт. Админ панельде болсо, администратор өзүнүн милдетин толук түрдө аткарат. Төмөнкү 4.2-сүрөттө админ панельдин көрүнүшү.
4.2-сүрөт.
Админ панель
Сүрөттө
көрсөтүлгөндөй эле, кошуу жана тизме
баскычтары көп. Демек, администратор,
каалаган категорияга белгилүү баскычты
басып, басылган баскычка көрө амалды
аткарала алат. Диск кошуу амалын карап
кетсек. Төмөнкү 4.3-сүрөттө диск кошуу
формасы көрсөтүлгөн.
4.3-сүрөт.
Диск кошуу
формасы
Жогоруда
көрсөтүлгөн сүрөт, бир мезгилде кошуу
жана редакциялоо формасы болушу мүмкүн.
Эгер түзүү жана редакциялоо баскычы
басылса, кайтадан ушул форма жүктөлөт,
бирок боштуктардын ордуна өткөн формада
жазылган маалыматтар көчүрүлөт жана
редакцияласак болот.
Ал эми кошулган дисктердин тизмесин карасак.
4.4-сүрөт.
Дисктердин тизмеси
4.5-сүрөт. Фильтрлөө формасы
Көрүнүп тургандай эле аты, активдүү, жанр, жана түрү боюнча фильтр процессин ишке ашырса болот. Мындай фильрлөө бардык тизмелердин баракчасында бар. Өзүңөр байкагандай админ панель жөнөкөй жана колдонуучуга эч кандай кыйынчылык алып келбейт. Демек, ар бир колдонуучу интуитивдик деңгээлде панель менен иштей алат.
